ЕБ Арменияда жарандык миссия түзүүдө

Евробиримдиктин аймакта туруктуу тынчтыкты орнотуу максатында эки өлкө менен кызматташууну каалагандыгы маалымдалды.

1936800
ЕБ Арменияда жарандык миссия түзүүдө

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрү Армениянын чек ара аймактарында туруктуулукту камсыз кылуу максатында жарандык миссия түзүүнү макулдашты.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынында мүчө мамлекеттер тарабынан түзүлгөн ЕБ Кеңешинин билдирүүсүндө, Евробиримдиктин жалпы коопсуздук жана коргонуу саясатынын (CSDP) алкагында Арменияда ЕБ миссиясынын (EUMA) түзүлүүсү боюнча келишимге жетишилгени белгиленди.

Билдирүүдө: «Миссиянын максаты Армениянын чек ара аймактарында туруктуулукка салым кошуу, ишенимди орнотуу жана Евробиримдик колдогон Армения менен Азербайжандын ортосундагы нормалдаштыруу аракеттерине алып келе турган чөйрөнү түзүү»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Евробиримдиктин аймакта туруктуу тынчтыкты орнотуу максатында эки өлкө менен кызматташууну каалагандыгы маалымдалды.

Евробиримдиктин Армениядагы миссиясы Армениянын өтүнүчү боюнча аймакта пландуу күзөт жүргүзөт.

Эки жылдык кызматты көздөгөн миссиянын штаб-квартирасы Арменияда жайгашат.



Тектеш кабарлар