Москвада абадан коргонуу боюнча машыгуу өткөрүлдү

Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта орун алды.

1936182
Москвада абадан коргонуу боюнча машыгуу өткөрүлдү

Орусиянын Коргоо министрлиги Москва облусунда С-300 системалары менен абадан коргонуу машыгуусу өткөрүлгөнүн билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Москва аймагында Батыш Аскердик округунун аскерлери менен абадан коргонуу үчүн билим берүү машыгуусу өткөрүлгөнү белгиленди.

Машыгуунун аскердик, өндүрүштүк жана административдик объектилерге карата абадан кол салуулардын мизин майтаруу максатында жасалганына көңүл бурулуп, машыгуунун алкагында жасалган жасалма кол салуулардын С-300 абадан коргонуу системалары менен кайтарылганы белгиленди.

Билдирүүдө машыгууга 150дөн ашуун аскер катышканы белгиленди.



Тектеш кабарлар