Иран күйүүчү май ташыган кемени конфискациялады

Бул тууралуу Тесним маалымат агенттиги кабарлады.

1936074
Иран  күйүүчү май ташыган кемени конфискациялады

Иран Перс булуңунда “контрабандалык күйүүчү май ташыган” кемени конфискациялады.

Ирандын жарым расмий Тесним маалымат агенттигинин кабарына караганда Хормузган провинциясынын сот бийлигинин башчысы Мүктеба Кахрамани Перс булуңунда контрабандалык күйүүчү май жүктөлгөн кемеге операция жасалганын билдирди.

Төңкөрүш гвардиясы армиясы жүргүзгөн операциясынын натыйжасында кемеде 90 миң литр контрабандалык күйүүчү майдын конфискациялангандыгын белгилеген Кахрамани, кеменин колго түшүрүлгөнүн, окуяга байланыштуу 5 кишинин камакка алынганын белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар