Кенияда Эш - Шабаб операциясы жүргүзүлдү

Аймактык полиция директору Жорж Седа бир нече жумадан бери Эш -Шабаб мүчөлөрү жашынып жүргөн Дегабон аймагында операция жүргүзүлгөнүн билдирди.

1935681
Кенияда Эш  -  Шабаб операциясы жүргүзүлдү

 Кения армиясынын Сомали чек арасында жүргүзгөн операциясында террордук уюм Эш  -  Шабабдын 18 мүчөсү жок кылынды.

Аймактык полиция директору Жорж Седа бир нече жумадан бери Эш -Шабаб мүчөлөрү жашынып жүргөн Дегабон аймагында операция жүргүзүлгөнүн билдирди.

Седа: «Эш - Шабабдын 18 мүчөсү операцияда жок кылынды»,- деди.

Операцияда уюмга таандык курал-жарак, жардыргыч заттар жана аскердик техникалардын да колго түшүрүлгөнүн маалымдаган Седа Эш - Шабаб мүчөлөрүнүн Сомали чек арасынан Кенияга киргенин белгиледи.

Сомалинин Кения чек арасында активдүү  болгон Эш -Шабаб бир нече жумадан бери Сомали армиясынын катуу чабуулу астында.

Уюм Кенияда өзгөчө Гарисса, Мандера жана Важир аймактарында кол салууларды жасоодо.



Тектеш кабарлар