Непалда кыйраган жүргүнчү учагында каза болгондордун саны

Издөө иштеринде дагы 2 америкалыктын жансыз денеси табылды.

1935131
Непалда кыйраган жүргүнчү учагында каза болгондордун саны

Непалда 15-январда кыйраган жүргүнчү учагында каза болгондордун саны 72ге жетти.

Борбор Катмандудан Покхарага учуп чыккан Yeti Airlines компаниясына таандык «ATR 72» үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы кулаган Сети дарыясынын өрөөнүнө жакын жерде жүргүзүлгөн издөө иштеринде дагы 2 америкалык жарандын жансыз денеси табылып, каза болгондордун саны 72ге жетти.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, арасында АКШ жарандары да болгон 72 кишинин каза болушуна алып келген учак кырсыгына «терең кайгырганын» билдирип, бул адамдардын жакындарына көңүл айтты.



Тектеш кабарлар