Кремль : "Украина талаптарыбызды канчалык ылдам кабыл алса кагылышуу ошончолук ылдам бүтөт"

Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берген Песков Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Россиянын президенти Владимир Путиндин тирүү экенинен күмөн санаган билдирүүсүнө жооп берди.

1935289
Кремль : "Украина талаптарыбызды канчалык ылдам кабыл алса кагылышуу ошончолук ылдам бүтөт"

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Украина Россиянын талаптарын канчалык тез кабыл алса кагылышуулардын ошончолук тез бүтөрүн билдирди.

Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берген Песков Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Россиянын президенти Владимир Путиндин тирүү экенинен күмөн санаган билдирүүсүнө жооп берди.

"Зеленский психологиялык жактан Россия менен Путиндин жок болушун каалаары анык",- деген Песков Киев башкаруусунун Россия жана Путиндин бар экендигин кабыл алышы керектигин баса белгиледи.

Песков : «Украина режими Россия жана Путиндин бар экендигин жана бар болорун, эртели – кеч орустарга каршы бардык нерседен баш тартууга мажбур болорун канчалык тез түшүнсө Украина үчүн  ошончолук жакшы болот»,- деди.

Украинанын Россиянын талаптарын да карап чыгышы керектигин белгилеген Песков буларды айтты : «Украина режими Россиянын талаптарын аткарууга даяр экенин канчалык тез көрсөтсө, баары ошончолук эрте бүтөт жана Украина эли Киевдеги режим баштаган бул трагедиядан кийин ошончолук тез  оңоло баштайт».

Батыштык өлкөлөрдүн Россияга кол салуу үчүн Украинага курал өткөрүүсүнө да токтолгон Песков : «Табигый түрдө Украинанын орус жерлерине кол салуусу үчүн курал берүү ыктымалына байланыштуу сүйлөшүүлөр потенциал катары абдан коркунучтуу»,- деп баа берди.

Песков  Путиндин Москвада православдар белгилеген Эпифаний майрамынын алкагында муздак сууга киргенин, бирок эч кандай сүрөт же видео бөлүшүлбөй турганын айтты.



Тектеш кабарлар