Европа Парламентинен Россиянын жооптуулары соттоло турган эл аралык соттун курулушун талап кылды

Европа Парламентинин депутаттары жооптуулардын сот алдына чыгарылышы үчүн координацияланган эл аралык аракеттердин зарылдыгын баса белгилешти.

1935347
Европа Парламентинен  Россиянын жооптуулары соттоло турган эл аралык соттун курулушун талап кылды

Европа Парламенти Украинада согуштук кылмыш кылды деген негиз менен Россиянын жооптуулары соттоло турган эл аралык соттун курулушун талап кылды.

Франциянын Страсбург шаарында өткөн Европа Парламентинин жалпы жыйынында кабыл алынган мыйзам долбоорунда Россиянын саясий жана аскердик жетекчилеринин Украинадагы согушта кылмыш кылганы жана бул кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартылышы керектиги белгиленди.

Европа Парламентинин депутаттары жооптуулардын сот алдына чыгарылышы үчүн координацияланган эл аралык аракеттердин зарылдыгын баса белгилешти.

Долбоордо Украина жана эл аралык жамаат менен жакын кызматташуу ичинде орус аскери жана саясий лидерлери менен бирге Беларус башкаруусу сыяктуу Россияга жардам бергендердин да  соттолушу үчүн атайын аскердик соттун курулушу тууралуу Европа Биримдигин иш алып барууга чакырды.

Депутаттар мындай соттун эл аралык юрисдикциядагы боштукту толтурарын, Эл аралык кылмыш сотунун тергөө аракеттерин аягына чыгарарын айтышты. Долбоор 19га каршы 472 депутаттын добушу менен кабыл алынып, 33 депутат калыс болду.



Тектеш кабарлар