Газпромдун Европага газ жөнөтүүсү 23 пайызга азаят

Компаниянын Сохранивка бөлүштүрүүчү пунктунан газ ташуу талабынын Украина тарабынан четке кагылганы белгиленди.

1935075
Газпромдун Европага газ жөнөтүүсү 23 пайызга азаят

Орус энергетикалык фирмасы Газпромдун Украина аркылуу Европага газ өткөрүүсү бүгүн кечээкиге караганда 23 пайызга азайып 25,1 миллион куб метр деңгээлинде болот.

Газпромдун орус басма сөзүнө жасаган билдирүүсүндө, компаниянын Сохранивка бөлүштүрүүчү пунктунан газ ташуу талабынын Украина тарабынан четке кагылганы белгиленди.

Суджа пунктунан ташуунун улана турганы кабарланган билдирүүдө, аталган пункттан ташылган газдын көлөмүнүн бүгүн 25,1 миллион метр куб деңгээлинде боло турганы айтылды.

Кечээ Украина аркылуу Европага 32,6 миллион метр куб жаратылыш газын жөнөткөн Газпромдун ташуусу ушундача 18-январга салыштырмалуу 23 пайызга азаят.

Украина май айында Орусиядан Европага бара турган жаратылыш газынын үчтөн бири өтө турган Сохрановка бөлүштүрүү пунктунда газ өткөрүүнү токтоткон.

Газпромдун Батыш жана Борбордук Европага жаратылыш газын жөнөтүүсү «Түндүк Агым» куурлары жана Ямал-Европа аркылуу токтоп калган.

Компаниянын аталган аймактарга газ жөнөтүүсү Украина аркылуу гана уланууда.



Тектеш кабарлар