Ардерн февраль айында кызматтан кетерин билдирди

Жаңы Зеландиянын премьер  - министри Жасинда Ардерн февраль айында кызматтан кетерин жана быйылкы жалпы шайлоого катышпай тургандыгын билдирди.

1934924
Ардерн февраль айында кызматтан кетерин билдирди

 Жаңы Зеландиянын премьер  - министри Жасинда Ардерн февраль айында кызматтан кетерин жана быйылкы жалпы шайлоого катышпай тургандыгын билдирди.

42 жаштагы премьер  - министр Ардерн телекөрсөтүүдөн берген билдирүүсүндө «6 кыйын жылдан» бери аткарып келе жаткан кызматын 7 -  февралда таштай тургандыгын билдирди.

Ардерн Жаңы Зеландияда  14 -  октябрда боло турган парламенттик шайлоого катышпай тургандыгын, Жумушчу  партиясынын лидерлигинен да чыга тургандыгын айтты.

Акыркы мезгилде бул тууралуу ойлонгондугун белгилеген жана «бир гана бир жыл эмес, бир мезгил дагы даярдануунун бир жолун табуудан үмүт кылгандыгын» белгилеген Ардерн бирок ийгиликтүү боло албагандыгын айтты.

Ардерн : «Өлкөңүздө тынчтык убагында лидрлик кылуу башка нерсе, кризис учурунда лидерлик кылуу башка нерсе»,- деди.

Милдетинин талаптарын билгендигин белгилеген Ардерн : «Бул жумуштуу адилеттүү аткарууда жетишсиз экенимди билемин. Уланта турган болсом Жаңы Зеландияга зыян келтиремин»,- деди.

Жасинда Ардерн 2017 – жылы октябрь айында 37 жашында премьер  - министр болуп шайланып, «дүйнөнүн эң жаш аял премьер  - министри» болгон.



Тектеш кабарлар