Афганистанда суук аба ырайынан 70 адам каза болду

Герат провинциясында кыш мезгили башталгандан бери көчөдө жашаган 45 наркомандын тоңуп өлгөндүгү маалымдалды.

1934992
Афганистанда суук аба ырайынан 70 адам каза болду

Афганистанда акыркы күндөрдө күчөгөн суук аба ырайынан улам каза болгондордун саны 70ке жетти.

Талибан убактылуу өкмөтүнүн Жаратылыш кырсыктары боюнча мамлекеттик министрлиги акыркы 8 күндө өлкө боюнча кыйын кыш шарттарынан улам 70 адамдын каза болгондугун билдирди.

Чукул абалдар боюнча операциялар борборунун директору Мевлеви Абдуллах Мухаммеди : «Алгачкы маалыматтарга караганда кардын жаашы жана суук абадан улам Бадгис, Газни, Нимруз, Пактика, Герат, Кандахар жана Фарябда 70 киши каза болду»,- деди.

Мухаммеди жалпы өлкөдө 70 миң малдын да кырылгандыгын билдирди.

Афганистандын батыш тарабындагы Герат провинциясында кыш мезгили башталгандан бери көчөдө жашаган 45 наркомандын тоңуп өлгөндүгү маалымдалган.

Афганистанда экономикалык кризистен улам кышында отун жана көмүр ала албаган аз кирешелүү топ бар.

Элет жеринде расмий каттоого алуу боюнча кемчилдик ушуга окшогон жоготуулардын санынын дагы да жогору болуу ыктымалын күчөтүүдө.

Өзгөчө кыш мезгилинде транспорт боюнча кыйынчылыктар гуманитардык жардам мекемелеринин муктаж үй  - бүлөлөргө жардам жеткирүүсүнө тоскоол болууда.



Тектеш кабарлар