Өткөн жылы дүйнөдөгү туристтердин саны өстү

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Туризм Уюму (UNWTO) 2022-жылдагы туризм көрсөткүчтөрү боюнча отчетун жарыялады.

1934278
Өткөн жылы дүйнөдөгү туристтердин саны өстү

Дүйнөдө 2022-жылы 900 миллиондон ашкан туристтердин саны жаңы типтеги коронавирус (ковид-19) пандемиясына чейинки сандын 63 пайызына жетти.

Борбору Испаниянын баш калаасы Мадридде жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Туризм Уюму (UNWTO) 2022-жылдагы туризм көрсөткүчтөрү боюнча отчетун жарыялады.

Отчетто дүйнөнүн бардык аймактарында туристтердин санынын өскөнү, 1,5 миллиард менен рекорд жаңырган пандемияга чейинки дүйнөдөгү туристтердин санына (2019-жыл) салыштырмалуу 2022-жылы 900 миллион менен 63 пайызга калыбына келгени айтылды.

Пандемияга чейинки көрсөткүчтөрдүн 83 пайызын камтыган Жакынкы Чыгыш, туризмде 2019-жылдагы көрсөткүчтөргө эң көп жакындаган аймак болду.

Өткөн жылы 585 миллион менен эң көп туристти кабыл алган аймак болгон Европа болсо пандемияга чейинки көрсөткүчтөрдүн 80 пайызына жетти.

Бул көрсөткүч Африка менен Америкада 65 пайыз, Азия менен Тынч океан аймагында 23 пайыз бойдон калды.



Тектеш кабарлар