"Алтын глобус" сыйлыгына катышкандардын тесттеринен коронавирус аныкталды

Ковид-19 учурлары дүйнөлүк масштабда күчөгөндөн кийин адистер, атактуулар арасындагы эпидемиянын күтүлбөгөн нерсе эмес экенине көңүл буруп этият болууну эскертишти.

1934369
"Алтын глобус" сыйлыгына катышкандардын тесттеринен коронавирус аныкталды

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Голливуддун чет элдик басма сөз биримдиги тарабынан быйыл 80-ирет уюштурулган "Алтын глобус" сыйлыгын тапшыруу аземине катышкан көптөгөн атактуулардын коронавирус (Ковид-19) тесттери оң чыкты.

Британиялык BBC телеканалынын кабарына караганда, салтанатка катышкан Колин Фаррелл, Брендан Глисон, Жейми Ли Кертис жана Мишель Пфайфер сыяктуу көптөгөн атактуулар сыйлык тапшыруу аземинен кийинки күндөрдө алардын Ковид-19 тесттеринен вирус аныкталганын билдиришти.

Ковид-19 учурлары дүйнөлүк масштабда күчөгөндөн кийин адистер, атактуулар арасындагы эпидемиянын күтүлбөгөн нерсе эмес экенине көңүл буруп этият болууну эскертишти.

Бостондогу балдар ооруканасынын эпидемиолог доктору Жон Браунштейн, көп сандагы вирустардын жайылып жатканын белгилеп, жабык жайлардагы иш-чараларда жугуунун сөзсүз болоорун айтты.



Тектеш кабарлар