Польша миграция менен күрөшүүдө Түркия менен кызматташат

Аркадиуш Муларчик Анадолу агенттигине 24 - февралда Россия - Украина согушу башталгандан кийин Европанын миграциялык башкарууну кантип колго алганы жана Польшадагы окуялар тууралуу маалымат берди.

1933847
Польша  миграция менен күрөшүүдө Түркия менен кызматташат

Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Аркадиуш Муларчик миграция менен күрөшүүдө өлкөсүнүн дос жана стратегиялык өнөктөш катары көргөн Түркия менен кызматташууга жана тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Аркадиуш Муларчик Анадолу агенттигине 24 - февралда Россия - Украина согушу башталгандан кийин Европанын миграциялык башкарууну кантип колго алганы жана Польшадагы окуялар тууралуу маалымат берди.

Польшанын Украинадагы кризиске байланыштуу Европа Биримдигине миграция чектөөлөрү боюнча эч кандай шарт койбогондугун белгилеген Муларчик  украиналыктардын кабыл алынышы, көчүрүлүшү жана негизги муктаждыктарын камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдардын олуттуу түрдө орун алганына көңүл бурду. 

Европа комиссия менен гранттык келишимдерге кол коюлганын жана колдоонун биринчи бөлүгү болгон болжол менен 700 миллион злотый (149 миллион евро) алышканын белгилеген Муларчик, чыгашаларынын 10 миллиард злотый (2,2 миллиард евро) деп болжолдолгондугун айтты. 

Муларчик : "Мамлекеттер миграциялык кризис менен бир калыпта жана тилектештик менен күрөшүүсү керек. Биз Польша дос жана стратегиялык өнөктөш катары көргөн Түркия менен кызматташууга жана тажрыйба бөлүшүүгө даярбыз",- деди.  

Украин элине колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын жана бул үчүн чечкиндүү экенин баса белгилеген Муларчик Россия - Украина согушу башталгандан бери 9 миллиондон ашык украиналыктын Польша чек арасынан өткөнүн, учурда болжол менен 3,5 миллион украиналыктын бар экенин айтты. Булардын 1 миллиондон ашуунунун расмий катталуу менен иштеп жаткандыгын белгиледи.

Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң чоң кризиске туш болгондорун билдирген Аркадиуш Муларчик : "Польшалыктардын тилектештиги жана ачыктыгы менен өкмөттүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын аракетинин аркасында  кырдаалды көзөмөлгө алып жана коңшуларыбызды тосуп алдык», -  деди.

 

 



Тектеш кабарлар