Нигерияда Боко Харамга карата абадан операция жүргүзүлдү

Нигерияда террордук кол салуулар жана кагылышуулардан улам жүз миңдеген  киши көчүүгө аргасыз болду.

1933691
Нигерияда Боко Харамга карата абадан операция жүргүзүлдү

Нигерияда Боко Харам терррордук уюмуна карата абадан жүргүзүлгөн операцияда уюмдун жогорку даражалуу 2 башкаруучусу менен бирге кеминде 40 киши жок кылынды.

Улуттук басма сөздөгү кабарга караганда Нигер штатында Боко Харам уюмуна карата абадан операция жүргүзүлдү.

Операцияда кеминде 40 киши, анын ичинде уюмдун жогорку мартабалуу эки жетекчиси да жок кылынды.

Издөө салынган жана операцияда жок кылынган Боко Харам лидерлеринин ысымдары Абу Убаида жана Маллам Юсуф Абба деп билдирилди.

Нигерияда 2000 - жылдардын башынан бери чыгып келе жаткан Боко Харамдын 2009   - жылдан бери жасалып келе жаткан массалык террордук кол салууларында 20 миңден ашуун киши каза болду.

Террордук уюм 2015 -  жылдан бери өлкөнүн чек ара коңшулары Камерун, Чад жана Нигерде да кол салууларды жасашты. Уюмдун Чад көлү аймагындагы кол салууларында кеминде 2 миң киши каза болду. Нигерияда террордук кол салуулар жана кагылышуулардан улам жүз миңдеген  киши көчүүгө аргасыз болду.

 

 



Тектеш кабарлар