Непалда учак кырсыгынан улам эртеңки күн үчүн улуттук аза күтүү жарыяланды

Каски аймагынын административдик өкүлдөрүнүн бири Тек Бахадур К.Ч. Покхара эл аралык аэропортунан 1,6 чакырым алыстыкта ​​Сети дарыясынын өрөөнүнө жакын жерде кулаган учакта 68 адамдын сөөгү табылганын билдирди.

1932881
Непалда учак кырсыгынан улам эртеңки күн үчүн  улуттук аза күтүү жарыяланды

Непалдын борборундагы Покхара аймагында 68 жүргүнчү жана 4 экипажды ташыган учак кулап, 68 адам каза болду.

Катманду Посттун кабарына караганда борбор шаар Катмандудан Покхарага учуп чыккан Yeti Airlines компаниясына таандык «ATR 72» үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы Сети дарыясынын өрөөнүнө жакын жерде кулап түшкөн.

Компаниянын басма сөз катчысы Сударшан Бартаула учакта 68 жүргүнчү жана төрт кишиден турган экипаж болгонун билдирди.

Каски аймагынын административдик өкүлдөрүнүн бири Тек Бахадур К.Ч. Покхара эл аралык аэропортунан 1,6 чакырым алыстыкта ​​Сети дарыясынын өрөөнүнө жакын жерде кулаган учакта 68 адамдын сөөгү табылганын билдирди.

Бахадур кырсык болгон жерде сөөктөрдү урандылардын астынан чыгаруу иштери уланып жатканын белгиледи.

Непал жарандык авиация уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта учактагы чет элдик жарандардын арасында 5 индиялык, 4 орус жана 2 түштүк кореялык менен Ирландия, Австралия, Аргентина жана Франция жарандарынын болгону билдирилди.

"Flightradar24.com" аба кыймылын көзөмөлдөөчү онлайн сайтынын маалыматына караганда, кыйраган 15 жылдык «ATR 72» үлгүсүндөгү учак «ишенимсиз көрсөткүчтөргө ээ сигнал таратуучу» менен жабдылган.

Премьер-министр Пушпа Камал Дахал коопсуздук күчтөрүнөн жана коомчулуктан аймактагы куткаруу иштерине колдоо көрсөтүүнү суранды.

Өкмөт кырсыкты иликтөө үчүн туризм министри Нагендра Гимиренин жетекчилигинде беш кишиден турган комитет түзүүнү чечти.

Кырсыктан улам өлкө боюнча эртеңки күн үчүн «улуттук аза күтүү» жарыяланды.

 



Тектеш кабарлар