Германия Навальныйдын абалынан тынчсызданууда

Немис өкмөтүнүн басма сөз катчысынын орун басары Кристиане Хоффман борбор шаар Берлинде өткөргөн маалымат жыйынында Навальныйдын ден соолугунун орчундуу экендиги тууралуу кабар алышкандарын айтты.

1932716
Германия Навальныйдын абалынан тынчсызданууда

Германия орус оппозициячыл Алексей Навальныйдын ден соолугунан тынчсызданууда.

Немис өкмөтүнүн басма сөз катчысынын орун басары Кристиане Хоффман борбор шаар Берлинде өткөргөн маалымат жыйынында Навальныйдын ден соолугунун орчундуу экендиги тууралуу кабар алышкандарын айтты.

Узун мөөнөттүү жалгыздык камерасы жана начар шарттардан улам ден соолугунун абдан начарлап кеткени жөнүндөгү кабардын тынчсыздануу жаратканын белгилеген Хоффманн көптөгөн орус дарыгерлеринин орус оппозициячылдын шашылыш медициналык жардамга муктаж экенин баса белгилегенин айтты.

Хоффман : «Орус бийликтерин тез арада жана толук түрдө муну ишке ашырууга чакырабыз»,- деди.

Немис өкмөтү Навальныйдын бошотулушун талап кылганын кайталаган Хоффман Навальныйдын «кармалышынын саясий максаттагы чечимдин негизинде болгонун» белгиледи.

Навальныйдын камакка алынышы Кремлге оппозиция болгон Алексей Навальный 2021 - жылдын 17 - январында Берлинде дарылангандан кийин Москвага кайтып келери менен аба майданында камакка алынган.

Россиянын федералдык Жаза аткаруу кызматынын талабы боюнча   2021- жылдын 2 - февралында Москва шаардык сотунда Навальныйга каршы иш аяктаган. Сот Навальныйдын мурда коррупция боюнча козголгон 3,5 жылдык шарттуу жазасын аткарбады деген жүйө менен катардагы абак жазасына айландырган.

Сот мурун үй камагында өткөргөн 10 айлык мөөнөттү эсепке алып Навальныйдын калган жазасын абакта өткөрүүсүнө чечим чыгарган.

Россиянын териштирүү комитети уурган Коррупсия менен күрөшүү фондунун адам укуктарын бузду деген негиз менен 2021 – жылы 11 -  августта Навальный тууралуу  жаңыдан тергөө ишин баштагандыгын билдирген.

Коррупсия менен күрөшүү фонду болсо соттун чечими менен 2021 -  жылы 31 -  августта жоюлган.



Тектеш кабарлар