Эфиопия дүйнөнүн эң оор азык - түлүк кризисине туш болууда
Эл аралык бейөкмөт уюму Save The Children тарабынан берилген маалыматта өлкөдө 3,9 миллион баланын жетишсиз тамактанганы белгиленди.
Эфиопия кургакчылыктан улам дүйнөдөгү эң оор азык - түлүк кризисине туш болууда.
Эл аралык бейөкмөт уюму Save The Children тарабынан берилген маалыматта өлкөдө 3,9 миллион баланын жетишсиз тамактанганы белгиленди.
Билдирүүдө жаан - чачындын жетишсиздигинин азык - түлүк кризисине себеп болгону баса белгиленип, Эфиопиянын дүйнөнүн эң оор азык - түлүк кризиси алдында турганы баса белгиленди.
Эфиопияда 5 мезгилден бери жаан - чачындын жетишсиз болгондугу жана жалпы 12 миллион кишинин азык - түлүк кризисин баштан өткөргөндүгү белгиленген билдирүүдө, 4 миллиондон ашуун ферма малынын өлүмү азык -түлүк кризисин арттырганы баса белгиленди.
Бириккен Улуттар Уюму Эфиопия, Кения жана Сомалидеги кургакчылыктын 1981 - жылдан берки эң катуу кургакчылык болгонун жана 13 миллиондон ашуун адамдын ачарчылык коркунучу алдында турганын эскертти.