АКШда болгон бороон 8 кишинин каза болушуна себеп болду

Бороон көптөгөн үйдү кыйратып, миңдеген адамды электрсиз калтырды.

1932690
АКШда болгон бороон  8 кишинин каза болушуна себеп болду

АКШнын түштүк штатында катуу бороондон улам алгачкы белгилөөлөргө караганда 8 киши каза болду. Өлкөнүн батышындагы кабарларга караганда катуу бороон көптөгөн үйдү кыйратып, миңдеген адамды электрсиз калтырды.

Жоржия штатынын Баттс шаарында 5 жашар бала бара жаткан унаанын үстүнө бак кулап каза болуп, ата - энесинин бири оор жаракат алды.

Алабама штатынын Аутауга аймагында жети адам каза болду. Алабама штатынын губернатору Кей Айви Твиттерде Аутога, Чемберс, Куса, Даллас, Элмор жана Таллапуса округдарында өзгөчө кырдаал жарыяланганын билдирди.

АКШда электр жарыгынын өчүрүлүшү тууралуу жазган  "PowerOutage.us" сайтынын маалыматына караганда, кечээ Алабамада 14 255 адам жана Жоржияда кеминде 18 700 адам электр жарыгысыз калган.



Тектеш кабарлар