Россия : "Донецктеги Соледар шаарын көзөмөлгө алдык"

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

1932503
Россия : "Донецктеги Соледар шаарын көзөмөлгө алдык"

Россиянын Коргоо министрлиги кечээ Донецктеги Соледар шаарын толугу менен көзөмөлгө алганын жарыялады.

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

Донецк облусунун Соледар шаарындагы абал боюнча маалымат берген Игорь Конашенков  : «12 -  январь күнү кечинде Донецк багытындагы ийгиликтүү чабуул операцияларын улантуу үчүн маанилүү болгон Соледар шаары бошотулду»,- деди.

Конашенков Соледар толугу менен көзөмөлгө алына турган болсо  түштүк  - батыштагы Бахмут шаарында Украина бөлүктөрүн камсыздоо жолдорунун тосулушун жана Украина куралдуу күчтөрүнүн жолу тосуларын белгилеп,  Соледарды алуу орус күчтөрүнүн Украинанын позицияларына башка аскерлер менен тынымсыз чабуул жасоосу менен мүмкүн экенин айтты.

Орус аба күчтөрүнүн Соледарга каршы операцияларда украин аскерлерине абадан колдоо көрсөткөн 3 аскердик учак менен 1 тик учакты атып түшүргөнүн белгилеген Конашенков, орус абадан коргонуу системаларынын HIMARS, OIha, Uragan ракеталык системаларынан атылган 9 ракетаны да жок кылганын айтты.

Орус аба-десант аскерлеринин позицияларда үстөмдүк кылган бийиктиктерди басып алып шаарды түндүк жана түштүк тараптан курчоого алганын  айткан Конашенков, Украинанын башкаруу системасын электрондук аскердик унаалар менен басышкандарын айтты.

Игорь Конашенков : «Орус аскердик  бөлүктөрүнүн  аткарылган иштер  комплекси Соледарды бошотуу боюнча чабуулчу отряддардын ийгиликтүү операцияларын камсыз кылды. Акыркы 3 күндүн ичинде  Соледар шаарына жакын жерде 700дөн ашуун украин аскери жана Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 300дөн ашык куралы зыянсыздандырылды»,- деди.  

 



Тектеш кабарлар