НАТО Румынияга AWACS учактарын жиберет

НАТОнун билдирүүсүнө ылайык, AWACS учактары Румынияга 17 - январда келет.

1932365
НАТО Румынияга  AWACS учактарын жиберет

НАТО Россиянын аскердик аба аракеттерин көзөмөлдөө үчүн Румынияга AWACS деп аталган абадан алдын ала эскертүүчү учактарды жөнөтүүгө даярданууда.

НАТОнун билдирүүсүнө ылайык, AWACS учактары Румынияга 17 - январда келет.

Учактар ​​НАТОнун аймактагы болушун чыңдоо жана Россиянын Аскердик аба күчтөрүнүн аскердик ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө үчүн колдонулат.

НАТОнун басма сөз катчысы Оана Лунгеску бул темага байланыштуу билдирүүсүндө НАТОнун альянстын ар бир чарчысын коргоо чечкиндүүлүгүн баса белгилеп : «Биздин AWACS учактары башка учактарды бир нече чакырым алыстыктан байкай алат. Бул да учактарыбызды НАТОнун баш тарттыруучулук жана коргонуусунда ачкыч маанидеги жөндөмдүүлүктөрүнүн арасына киргизүүдө»,- деди.

Россиянын Украинага кол салышынан кийин НАТО Европанын  чыгышында аскерлерин көбөйттү. Ушул максатта аймакка кошумча аскердик учактарды, байкоо жана чалгындоо учактары менен танкердик учактар жиберилди.

Согуш башталгандан бери НАТОнун AWACS учактары НАТОнун чек араларына жакын жердеги орус аскердик учактарын көзөмөлдөө үчүн Чыгыш Европанын жана Балтика аймагынын үстүнөн үзгүлтүксүз патрулдук учууларды аткарууда.

Германиядагы Гейленкирхен базасына жайгашкан флоттон Румынияга жөнөтүлө турган AWACS учактары да НАТОнун аба мейкиндигинде бир нече жума бою чалгындоо учууларын аткарат.

Учактар менен бирге болжол менен 180 кызматкер Румынияга жөнөтүлөт.

 

 

 



Тектеш кабарлар