Украина Батыш Африка өлкөлөрүндө дан борборлорун түзөт

Украинанын айыл чарба саясаты жана азык-түлүк министри Николай Солский Абужада нигериялык кесиптеши менен жолугушту.

1931957
Украина Батыш Африка өлкөлөрүндө дан борборлорун түзөт

Украина өкмөтү Сенегал жана Нигерия сыяктуу Батыш Африка өлкөлөрүндө логистиканы жеңилдетүү үчүн дан борборлорун түзөрүн жарыялады.

Нигериянын The Will гезитинин кабарына караганда, Украинанын айыл чарба саясаты жана азык-түлүк министри Николай Солский Абужада нигериялык кесиптеши менен жолугушууда Африкада дан борборлорун түзүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Сенегалда дан борборун куруу боюнча макулдашкандарын белгилеген Солский, Нигериянын да буга даярдыгына ыраазы экендиктерин билдирди.

Өнүктүрүлө турган борбордун Нигерияга жогорку сапаттагы дан эгиндерин ташый турганын маалымдаган Солский, өлкөдөгү баалардын ушул өнүгүүдөн оң таасир аларын баса белгиледи.

Сольский: «Украинанын президенти бул идеяны колдойт жана Украина бул борборлорду Батыш Африкадагы эки-үч портко ачууну көздөп жатат»,-деди.

Министр ошондой эле кийинки айда Нигерияга 25 миң тонна дан жеткирилерин кабарлады.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматы боюнча, Африкадагы 25 өлкө жыл сайын буудай импортунун үчтөн биринен көбүн Орусия менен Украинадан камсыздайт.

Эки өлкөнүн ортосундагы согуш Африка өлкөлөрүндөгү азык-түлүк запастарына жана бааларына түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.



Тектеш кабарлар