Боднар: "Тынчтык саммити февралда өткөрүлүшү мүмкүн"

Элчи Боднар 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушундагы акыркы абал жана февраль айында өткөрүлүшү пландалган тынчтык саммитине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

1931727
Боднар: "Тынчтык саммити февралда өткөрүлүшү мүмкүн"

Украинанын Анкарадагы элчиси Василий Боднар, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антонио Гутерриштин ортомчулугунда өткөрүлүшү максатталган тынчтык саммитинин 24-февралда АКШнын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун башкы кеңсесинде болушу мүмкүн экенин билдирди.

Элчи Боднар 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушундагы акыркы абал жана февраль айында өткөрүлүшү пландалган тынчтык саммитине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Украинадагы кагылышуулардын Донецк аймагындагы Бахмут жана айланасында күчөгөнүн белгилеген Боднар, аталган аймактардын айрымдарында шаар кагылыштарынын да болгонун айтты.

Орусия менен уланып жаткан согуштун Украина үчүн «жашоо, көз карандысыздык жана эгемендик согушу» маанисине келгенин баса белгилеген Боднар, эл аралык укуктун алкагында өздөрүн коргогондорун айтты.

Киев башкаруусу жарыялаган жана БУУнун баш катчысы Гутерриштин ортомчулугу менен өткөрүлө турган тынчтык саммитине байланыштуу Боднар: «Бул саммит 24-февралда Нью-Йоркто БУУда өтөт деп ишенебиз»,- деди.

Украиналык элчи тынчтыкка үмүт бар экенине көңүл буруп, мунун да орус күчтөрүнүн Украина аймагынан толугу менен чыгарылып кетиши жана дүйнөнүн Москвага аскердик аракеттеринен баш тартуусу үчүн кысым көрсөтүүсү менен мүмкүн болоорун билдирди.



Тектеш кабарлар