2022-жылы океандардын жылуулугу рекорддук чекке жетти

Океандардын 2022-жылы эң жогорку температурага жетип, климат системасында терең өзгөрүүлөргө алып келгени белгиленди.

1931554
2022-жылы океандардын жылуулугу рекорддук чекке жетти

Өткөн жылы дүйнөдөгү океандардын жылуулугу эң жогорку чекке жетти.

Guardian гезитинин кабарына караганда, көптөгөн илимпоздордон турган топ жүргүзгөн изилдөөдө, адамдар жараткан газдардан келип чыккан жылуулукту өзүнө сиңирген океандардын 2022-жылы эң жогорку температурага жетип, климат системасында терең өзгөрүүлөргө алып келгени белгиленди.

Америка Кошмо Штаттарында St. Томас университетинин профессору Жон Абрахам глобалдык жылуулуктун 90 пайыздан ашыгынын океандарга бараарын айтып: «Океандардын ысып кетишинен улам аба ырайынын катаал шарттарына дуушар болуудабыз. Мунун бүткүл дүйнөгө терс таасири бар»,- деди.

"Advances in Atmospheric Sciences" журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, 1958-жылдан берки көрсөткүчтөр 1990-жылдан тарта жылуулуктун тездеши менен бирге океандын температурасында олуттуу өсүш болгонун көрсөтүп турат.

Изилдөөдө Тынч океан жана Атлантика океандарынын катуу ысып кетиши менен Түндүк жарым шарда рекорддук ысык толкундардын жана кургакчылык окуяларынын күчөгөнү билдирилди.

Дүйнөлүк метеорология уюму октябрда бардык негизги парник газдарынын атмосферадагы концентрациясынын рекорддук деңгээлге жеткенин кабарлаган.



Тектеш кабарлар