Сауд Арабиянын ажылык боюнча чечими

Сауд Арабиянын ажылык жана умра министри Тевфик эр-Рабиа, Жиддада өткөрүлгөн «Экспо Хаж 2023» жарманкесинин ачылышында сөз сүйлөдү.

1930469
Сауд Арабиянын ажылык боюнча чечими

Сауд Арабия, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясында зыяратчыларга коюлган жаш жана сандык чектөөлөрдүн быйыл колдонулбай турганын жарыялады.

Сауд Арабиянын ажылык жана умра министри Тевфик эр-Рабиа, Жиддада өткөрүлгөн «Экспо Хаж 2023» жарманкесинин ачылышында сөз сүйлөдү.

Быйыл ажылыкка баруучуларга жаш чектөөлөрү киргизилбей турганын жана сандын да пандемиядан мурункудай болорун белгилеген Рабиа, бул чечимди «сүйүнчү» деп мүнөздөдү.

Ковид-19 пандемиясынан улам Сауд Арабия 2020-жылдан кийин зыяратчыларга жаш жана сандык чектөөлөрдү киргизген.

Ушул себептен 2019-жылы 2,5 миллионго жеткен зыяратчылардын саны; 2020-жылы 10 миң, 2021-жылы 60 миң, 2022-жылы болсо 779 миң 919у Сауд Арабиянын сыртынан болуп 899 миң 353 менен чектелген.

«Экспо Хаж 2023» жарманкеси жана конференциясы 12-январга чейин уланат.



Тектеш кабарлар