НАСАнын спутниги атмосферага кирди

Бул кирүү учурунда спутниктин көпчүлүк бөлүгүнүн күйүп күлгө айланганы болжолдонууда.

1930419
НАСАнын спутниги атмосферага кирди

АКШнын улуттук авиация жана космос агенттиги (НАСА) 1984-жылы космоско учурган ERBS радиациялык спутниги кайрадан Жердин атмосферасына кирди.

НАСА көп жылдардан бери Жерди айланып жүргөн жана 2005-жылы миссиясын аяктап космостук таштандыга айланган 2500 килограммдык спутниктин, Беринг деңизинин үстүнөн кайрадан Жердин атмосферасына киргенин жарыялады.

Спутниктин көпчүлүк бөлүгүнүн бул кирүү учурунда күйүп күлгө айланганы болжолдонууда.

ERBS, Жердин радиациялык балансына адамдардын ишмердүүлүгүнүн таасирин өлчөөдө маанилүү роль ойноду.

Спутник ошондой эле Жердин Күндөн сиңирип алган же чагылткан энергиянын көлөмүнүн ортосундагы тең салмактуулукту изилдөө үчүн колдонулду.



Тектеш кабарлар