Германиянын "Die Welt" гезити Түркиянын күчтөнгөн коргоо өнөр жайын мактады

«Түркиянын куралдануунун күчү катары таң калыштуу өнүгүүсү» деген кабарда, Түркиянын кайрадан куралдануу планын ишке ашырып жатканы белгиленди.

1930578
Германиянын "Die Welt" гезити Түркиянын күчтөнгөн коргоо өнөр жайын мактады

Германиянын алдыңкы гезиттеринин бири "Die Welt" Түркиянын күчтөнгөн коргоо өнөр жайын мактады.

«Түркиянын куралдануунун күчү катары таң калыштуу өнүгүүсү» деген кабарда, Түркиянын кайрадан куралдануу планын ишке ашырып жатканы белгиленди.

Түркиянын 20 жыл мурда немис коргоо өнөр жай фирмалары Krauss-Maffei Wegmann (KMW) жана Rheinmetallга 1000 даана «Леопард 2» согуштук танктарын заказ кылууну каалаганы, бирок 7 миллиард евролук келишимден эч кандай жыйынтык чыкпаганы эске салынып: «Президент Режеп Таййип Эрдоган, анын ордуна Түркиянын өзүн-өзү камсыз кылган өлкө болушун каалап жатат. Курал-жарак импортуна умтулгандын ордуна өзүнүн күчтүү коргонуу өнөр жайын курууда. Буга пилотсуз аппараттар, танктар, согуштук учактар, гаубицалар жана согуштук кемелер кирет»,-деди.

Эрдогандын заманбап түрк гаубицаларын (Фыртына 2) Куралдуу Күчтөргө тапшыргандыгы айтылган кабарда, Фыртына 2лердин Германиянын «PzH 2000» үлгүсүндөгүдөй 155 миллиметр калибрге ээ экени билдирилди.

Гезитте президент Эрдогандын Түркия Республикасынын 100 жылдыгында Түркияны дүйнө коомчулугуна жана өз элине «курал өнөр жайынын эң мыкты оюнчусу» катары көрсөтүүнү каалаганы баса белгиленди.

Түркиянын 2021-жылы ички дүң продукциясынын 2,1 пайызын коргонууга бөлгөнү маалымдалган кабарда, бул көрсөткүчтүн башка көптөгөн Европа өлкөсүнөн жогору экени жана Анкаранын ушундайча НАТОнун 2 пайыздык максатынан ашканы белгиленди.

Стокгольм Эл аралык Тынчтык изилдөөлөрү институтунун (SIPRI) эксперттери дүйнөнүн эң мыкты 100 коргонуу фирмасынын катарына Аселсан менен Түрк авиация жана космос өнөр жайын кошкондугу кабарланып, Түркиянын Байрактар ​​TB2 учактарынын Украинага тапшырылгандыгы жана Украинанын Орусия менен согушунда бул куралдардын эффективдүүлүгүн жогору баалаганы баса белгиленди.

Түркиянын келечекте согуштук учактар ​​рыногунда да атагы чыга турганына көңүл бурулган кабарда, TF-X деп аталган Улуттук согуштук учак моделинин март айында биринчи жолу дүйнө коомчулугуна таанытыла турганы билдирилди.  



Тектеш кабарлар