БУУ Түркия аркылуу Сирияга жардам өткөрүүнү 6 айга узартты

Учурда азык-түлүк жана дары-дармек жардамдары Жилвегөзү чек ара капкасынан гана жеткирилет.

1930261
БУУ Түркия аркылуу Сирияга жардам өткөрүүнү 6 айга узартты

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Сириянын түндүк - батышына гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Түркиянын Жилвегөзү чек ара капкасын колдонууга уруксат берген чечимди  6 айга дагы узартты.

БУУнун 15 мүчөлүү Коопсуздук кеңеши 10 - июлга чейин Түркия аркылуу болжол менен 4 миллион кишиге гуманитардык жардам жеткирилишине уруксат берген чечимди бир добуштан кабыл алды.

БУУнун маалыматы боюнча, 2023-жылы Сирияда 15,3 миллионго жакын адам (кагылышуулар башталган 2011 - жылдан бери эң жогорку сан) гуманитардык коргоого жана жардамга муктаж болот.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши 2014-жылы кабыл алган чечим долбооруна ылайык, Сириянын түндүк-батышындагы аймактарга эл аралык жардам жөнөтүлөт.

Учурда азык-түлүк жана дары-дармек жардамдары Жилвегөзү чек ара капкасынан гана жеткирлүүдө.

Түркия болсо БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимин кубаттай турганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта БУУнун аталган механизминин аймактагы муктаж болгон 4,1 миллион кишиге шашылыш гуманитардык жардамдын жеткирилишинде маанилүү роль ойногону белгиленди.

Билдирүүдө : «Биз БУУнун Сириянын түндүк-батышына чек ара аркылуу жардам берүү механизминин 6 айга узартылышын кубаттайбыз»,-деп айтылды.

Сириянын түндүк  -  батышындагы гуманитардык кризистин өлчөмү жана аймактык туруктуулуктун БУУ механизмасынын узун мөөнөттүү сакталышын талап кылгандыгы белгиленген билдирүүдө : "Түркия бул максаттын негизинде ушул кезге чейин болгондой эле мындан кийин да эл аралык коомчулук менен кызматташуусун улантат",- деп билдирилди. 


 

 



Тектеш кабарлар