Зеленский Орусияны ок атышпоого баш ийбегени менен күнөөлөдү

Зеленский видео кайрылуусунда дагы бир жолу православдык Рождество майрамын белгиледи.

1929455
Зеленский Орусияны ок атышпоого баш ийбегени менен күнөөлөдү

Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээги билдирүүсүндө Орусияны православдар Рождество майрамына карата жарыялаган 36 сааттык ок ​​атышпоо маалында Украинага кол салганы менен айыптады.

Зеленский видео кайрылуусунда дагы бир жолу православдык Рождество майрамын белгиледи.

Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин 2023-жылга карата иш планын бекиткенин белгилеген Зеленский, быйыл өлкөнүн эгемендүүлүк үчүн күрөшү жана коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү алардын приоритети болоорун айтты.

Зеленский Орусиянын Украинага каршы чабуул саясатын колдогон орус жарандарына каршы санкцияларды киргизүү боюнча жарлыкка кол койгонун билдирип: «Келечекте бул адамдарга каршы санкциялык чечимдер кабыл алынат»,- деди.

Орус армиясынын президент Владимир Путиндин Коргоо министрлигине Украинада мурунку күнү саат 12:00дөн баштап 36 саатка ок атышпоо боюнча буйругун аткарбаганын белгилеген Зеленский сөзүн төмөнкүчө улантты: «Дүйнө жүзү бүгүн Москванын кайсы бир сөзү канчалык туура эмес экенин дагы бир жолу көрдү. Алар ок атышпоо деген келишим боюнча бирдемелерди айтышты, бирок чындыгында орус снаряддары Бахмут жана башка украин позицияларына дагы бир жолу сокку урду».

Зеленский Украинада тынчтыкты орнотуу орус армиясы өлкөдөн чыгарылгандан кийин гана мүмкүн болорун айтты.



Тектеш кабарлар