Вануатудагы жер титирөө

Вануатуда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болду.

1929579
Вануатудагы жер титирөө

Вануатуда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болду.

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы (USGS) эпицентри Вануатудагы Полт Олри шаарынан 23 километр түндүк-батышта болгон жер титирөөнүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:32де болгонун жарыялады.

27,7 километр тереңдикте катталган жер титирөө Соломон аралдарында да сезилди.

Тынч океандын цунами боюнча эскертүү борбору жер титирөөнүн очогунан 300 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан жээк сызыгы үчүн цунами коркунучу тууралуу эскертти.

Жер титирөөдө адам өмүрү жана мүлк зыянга учураган жок.



Тектеш кабарлар