Зеленский улутка кайрылды
Украинанын президенти Валидимир Зеленский Россияга каршы уланып жаткан согушта өлкөсүнүн жерлерин, маданиятын, каада - салтын жана диний ишенимдерин коргоо үчүн күрөшүп жатышканын айтты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Россияга каршы уланып жаткан согушта өлкөсүнүн жерлерин, маданиятын, каада - салтын жана диний ишенимдерин коргоо үчүн күрөшүп жатышканын айтты.
Зеленский кечинде жарыяланган видео кайрылуусунда Рождество майрамын миллиондогон украиналык тарабынан майрамдаларын айтып : “Рождество – ынтымактын жана үй-бүлө биримдигинин майрамы”,-деди.
Өлкөсүндө Россияга каршы согуштун уланып жатканын эске салган Зеленский :"Биз жерибизди, маданиятыбызды, каада - салтыбызды жана ишеничибизди коргоп жатабыз",- деди.
Зеленский согуш башталган 24 - февралдан баштап майрамдарды мурдагыдай салттуу түрдө белгилөөнүн мүмкүн эмес экенин белгилеп : "Биз өзгөчө мезгилде жашап жатабыз, бардык майрамдарыбыз да өзгөчө. Биз да каада - салтыбызды сактап калуу үчүн айрым салттарыбызды бузууга мажбур болуудабыз. Бүгүн биздин бир гана кыялыбыз бар. Ар бир үй - бүлөгө тынчтык, бейпилдик, Украина жеринде жеңиш, миңдеген жылдык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү алып келсин»,- деди.