Израиль аскерлери палестиналык бир баланы жаралады

Оккупациядагы Батыш Шериада Иерихон  шаарында палестиналыктар менен Израиль күчтөрүнүн ортосунда чыккан окуяларда бир бала башына ок тийип жаракат алды.

1929300

Палестина маалымат агенттиги WAFAнын билдиргенине караганда Израиль күчтөрү Иерихондун түштүк тарабындагы Акаба Жабр качкындар лагерине чабуул жасашты.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген маалыматта  Израиль аскерлери аткан ок менен бир баланын башынан жаракат алгандыгы жана операция үчүн Рамаллахтагы Палестина Medical Kompleksке алып барылгандыгы билдирилди. Жаракат алган баланын ким экендиги жана жашы тууралуу маалымат берилген жок. Израиль күчтөрүнүн рейд учурунда жаракат алган баланын атасын камакка алгандыгы билдирилди. 

Тектеш кабарлар