Угандадагы Эбола эпидемиясы көзөмөлгө алынды
Угандадагы Эбола эпидемиясы көзөмөлгө алынды.

Акыркы 39 күндө өлкөдө жаңы учурдун каттала электиги билдирилди.
Угандадагы эбола эпидемиясынын көзөмөлгө алынганын билдирген жетекчилер 10-январга чейин эч кандай учур аныкталбаса эпидемиянын токтой турганын белгилешти.
Уганданын президенти Йовери Мусевени 2022 - жылдын 20 - сентябрында башталган жана 152 бейтаптын чыгышына жана 56 адамдын өлүмүнө себеп болгон Эбола эпидемиясынын 21 - декабрда аяктаганын жарыялады.
Геморрагиялык ысытмалардын бир түрүн пайда кылган Эбола биринчи жолу 1976 - жылы Судандын Нзара жана Конго Демократиялык Республикасындагы Ямбуку шаарларында бир убакта пайда болгон.
Эбола 2013 - жылы Батыш Африкада жайылган. 2014 - 2017 - жылдары Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леонеде болгон эпидемияда 30 миң киши вирус жуктуруп, 11 миңден ашуун бейтап каза болгон.