Латвияда Спутник маалымат сайтынын кызматкери камакка алынды

Марат Касем Европа Биримдигинин санкцияларын бузуп жана тыңчылык кылуу менен айыпталууда.

1929056
Латвияда Спутник маалымат сайтынын кызматкери камакка алынды

Латвия Россиянын Спутник маалымат сайтынын Литвадагы бөлүмүнүн башкы редактору Марат Касемди камакка алды.

Журналист Европа Биримдигинин санкцияларын бузуп жана тыңчылык кылуу менен айыпталууда.

Касемдин жактоочу адвокаты  Имма Янсоненин кардарын күрөөгө бошотуу өтүнүчү сот тарабынан четке кагылды.

Латвия жараны Касем бир нече жылдан бери Россиянын борбор шаары Москвада жашайт жана Спутник Литванын да бир бөлүгү болгон  "Россия сегодня" медиа тобу үчүн да иштеп жатат.

Марат Касем жаңы жылдан мурда үй  - бүлөлүк себептерден улам Латвияга кайткан.

Россиянын  Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Касемдин камакка алынышын Латвиянын сөз эркиндиги боюнча эл аралык убадаларды бузуу деп мүнөздөдү.

 



Тектеш кабарлар