Израиль Газа тилкесинде дубал тургузат

Израилдин Коргоо министрлиги Газа чек арасындагы еврей отурукташуу жеринин айланасында 4,6 километр узундуктагы дубал тургузарын билдирди.

1929017
Израиль Газа тилкесинде дубал тургузат

Израилдин Коргоо министрлиги Газа чек арасындагы еврей отурукташуу жеринин айланасында 4,6 километр узундуктагы дубал тургузарын билдирди.

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта отурукташуу жерлерин Газадан атылган танкка каршы ракеталардын таасиринен калктуу конуштарды коргой турган долбоор боюнча иштердин башталганы белгиленди.

Билдирүүдө долбоордун израилдиктерге өзгөчө кырдаалдарда Газадан атылган ракетадан коркпостон кыймыл кылууга мүмкүндүк бере турган 4,6 километрдик дубалдан турганы белгиленди.

Акыркы жылдарда Газа чек арасындагы еврей конуштары танктарга каршы ракеталык чабуулдарга дуушар болду.

2018 - жылдын ноябрь айында Газага кирген Израилдин аскердик автобусу Хамастын аскердик канаты Изз ад-Дин ал-Кассам бригадалары тарабынан  танкка каршы ракета менен атылып, бир аскер жарадар болгон.

2019 -  жылы май айында да унаасына танкка каршы ракета тийип бир израилдик каза болгон.

 



Тектеш кабарлар