Чадда козголоң кыймылы ийгиликсиз болду

Борбордук Африка өлкөсү Чадда өкмөт адам укугун коргоо боюнча активист жана айрым  офицерлерди камтыган төңкөрүш аракети ишке ашпай калганын жарыялады.

1929078
Чадда козголоң кыймылы ийгиликсиз болду

Борбордук Африка өлкөсү Чадда өкмөт адам укугун коргоо боюнча активист жана айрым  офицерлерди камтыган төңкөрүш аракети ишке ашпай калганын жарыялады.

Маалымат министрлигинен жасалган билдирүүдө козголоңдун артында Чад адам укуктары уюмунун (OTDH) төрагасы  Бахреддин Бердей Таргуио жетектеген 11 офицердин турганы белгиленди.

Билдирүүдө 8 - декабрдан бери төңкөрүш аракетине катышкандардын баарынын камакта экени, бул окуя бир топ аскер офицерлеринин өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузуу аракети экени айтылды.

Билдирүүдө коопсуздук бөлүктөрүнүн «кутумга» байланыштуу кишилердин  аскердик техникалары да колго түшүрүлгөнү билдирилди.

Атасы каза болгондон кийин 2021 -  жылы 20 -  апрелде бийликти өткөрүп алган генерал Мухаммед Идрис Деби Итнонун 18 айлык өткөөл процессинен кийин башкарууну жарандарга өткөрүп берүү убадасында турбашы жана 2 жылдык жаңы өткөөл мезгил үчүн президенттикке дайындалышы каршы чыгууларга жол ачты. Дароо демократиялык башкарууга өтүү талабы менен оппозициянын көчөгө чыгышы менен өлкөдө кризис күч алды. 

2022 - жылдын октябрында өкмөткө каршы демонстрацияларда 50гө жакын адам өлүп, 300дөн ашууну жарадар болгон.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар