Израиль аскерлери Батыш Шериада дагы бир палестиналык баланы өлтүрдү

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериадагы Наблус шаарында 16 жаштагы палестиналык баланы өлтүрдү.

1928336
Израиль аскерлери Батыш Шериада дагы бир палестиналык баланы өлтүрдү

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериадагы Наблус шаарында 16 жаштагы палестиналык баланы өлтүрдү.

Палестинанын расмий телеканалынын кабарына караганда, Наблус шаарындагы Балата баш калкалоочулар лагеринде жүргүзүлгөн түнкү рейд учурунда оккупациялык күчтөр ок атып, палестиналык Амир Эбу Зейтун (16) башына ок тийип каза болду.

Балата качкындар лагерине рейд жүргүзүп, бир үйдү курчоого алууну каалаган Израиль күчтөрү менен буга тоскоол болууга аракет кылган палестиналыктардын ортосунда чыккан куралдуу кагылышууда эки палестиналык да жаракат алды.

Израил армиясынын рейдде чыныгы жана желим окторду, көздөн жаш агызуучу газ жана үн бомбаларын колдонгону белгиленди.

Израиль армиясынан абал тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Израиль аскерлеринин Батыш Шерианын түрдүү аймактарында жүргүзүлгөн рейддер учурунда ок атуусу менен бул жылдын башынан бери 4 палестиналык жаш каза болду. Алардын ичинен үчөөсү балдар болгон.

Ошол эле учурда Израиль армиясынын 19 -  августта Батыш Шериада жүргүзгөн рейд учурунда башына ок тийген 58 жаштагы палестиналык жаран Салах Севафтенин Израиль аскерлери тарабынан бутага алынып өлтүрүлгөндүгү аныкталды.



Тектеш кабарлар