Францияда климат боюнча активисттер нааразычылык билдирди

Климаттык алмашууга каршы күрөшө албаган өкмөттү сындаган активисттер "Ким күнөөлүү?" деп жазылган футболкаларды кийип,  нааразычылык акцияларын ишке ашырышты.

1928674
Францияда климат боюнча активисттер нааразычылык билдирди

Францияда климат боюнча активисттер өкмөттүн климаттык алмашуу менен күрөшүндөгү кыймылсыздыкка нааразычылык билдирип, премьер-министрликтин «Матиньон» деп аталган имаратынын айрым жерлерин спрейлер менен кызгылт сары түскө боёшту.

Француз басма сөзүндөгү кабарларга караганда Derniere Renovation аттуу климаттык  коомдун мүчөсү эки активист премьер - министрликтин алдындагы аркалар менен катар эшик жана дубалдарга кызгылт сары боёк чачышты.

Климаттык алмашууга каршы күрөшө албаган өкмөттү сындаган активисттер "Ким күнөөлүү?" деп жазылган футболкаларды кийип,  нааразычылык акцияларын ишке ашырышты.

Франция өкмөтү Париж климаттык келишимине кол койгонуна карабастан көмүртектин эмиссиясы көрсөткүчтөрүнө жетпегендиктен климаттык алмашуу менен күрөшүүдө натыйжасыз болуу менен айыпиалууда.

Париж административдик соту администрацияга 2022-жылдын аягына чейин “экологиялык чыгымды” алдын алуу үчүн бир катар чараларды көрүшү керектигин эскерткен.



Тектеш кабарлар