40 жыл абакта жаткан адам бошотулду

Юнус 27 жашында кирген темир тордун артынан 67 жашында чыккан болду.

1928572
40 жыл абакта жаткан адам бошотулду

Өмүрүнүн 40 жылын Израилдин түрмөлөрүндө өткөргөн палестиналык Керим Юнус бошотулду.

Палестина туткундары коому жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жаза мөөнөтүн аяктаган Юнустун бошотулганын кабарлады.

Билдирүүдө 1983-жылы 6-январда Израиль тарабынан камакка алынган палестиналыктын өмүр бою эркинен ажыратылганы, кийинчерээк бул мөөнөттүн 40 жылга өзгөртүлгөнү белгиленди.

Юнустун Палестинанын президенти Махмуд Аббас жетектеген ФАТХ кыймылынын Борбордук комитетинин мүчөсү экени айтылууда.

1956-жылы декабрь айында туулган Юнус 27 жашында кирген темир тордун артынан 67 жашында чыккан болду.



Тектеш кабарлар