Сомалиленддеги кагылышуулар, үйлөрүн таштап кеткендер

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, кагылышуулар ​​болгон Соолдун борбору Лас Аноддо жүздөгөн киши көчүп кеткен.

1927860
Сомалиленддеги кагылышуулар, үйлөрүн таштап кеткендер

Сомалиден бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Сомалиленд штатында бир жумадан бери уланып жаткан жана кеминде  20 кишинин каза болушуна себеп болгон  нааразылык акциялары жана кагылышуулардан кийин жүздөгөн киши үйлөрүн таштап кетишти.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, кагылышуулар ​​болгон Соолдун борбору Лас Аноддо жүздөгөн киши көчүп кеткен.

Үйлөрүн таштап кеткен кишилер таза сууга жана тамак - ашка муктаж.

Сомалиленддин Соол аймагында белгисиз адамдар тарабынан жасалган кылмыштардан кийин, аймак калкы өткөн жумада өкмөткө нааразылык билдирип көчөгө чыгышкан.

Коопсуздук күчтөрү  элге ок атып, көптөгөн адамдар каза болду.

Сомалиленддин Соол, Санааг жана Айн аймактарынын жашоочулары Сомалиленддин бир тараптуу көз карандысыздыгына каршы.

Сомалиленд провинциясынын башчысы Муса Бихи Абди оппозициянын бир жумалык демонстрацияларынан кийин аймактан кетпей турганын жарыялады.

 

 



Тектеш кабарлар