БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жаңы убактылуу мүчөлөрү
Бул өлкөлөр 2023-2024-жылдар аралыгында 15 мүчөдөн турган кеңештин убактылуу мүчөсү катары кызмат кылышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (БУУ) жаңы убактылуу мүчөлөрү Эквадор, Япония, Мальта, Мозамбик жана Швейцария кызматка киришти.
Бул өлкөлөр 2023-2024-жылдар аралыгында 15 мүчөдөн турган кеңештин убактылуу мүчөсү катары кызмат кылышат.
Эквадор, Япония, Мальта, Мозамбик жана Швейцария БУУнун Коопсуздук Кеңешинде кызмат мөөнөтү 31-декабрда бүтө турган Индия, Ирландия, Кения, Мексика жана Норвегиянын ордуна катышат.
Мозамбик жана Швейцария биринчи жолу туруктуу эмес мүчө болушту, ал эми буга чейин Мальта 2, Эквадор 4 жана Япония 12 жолу бул кызматты милдеттенген.
Албания, Бразилия, Габон, Гана жана Бириккен Араб Эмираттары да учурда кеңештин убактылуу мүчөлөрү.
Жалпы 15 мүчө мамлекетти камтыган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 5 туруктуу мүчөсү, вето укугуна да ээ болгон Америка Кошмо Штаттары, Кытай, Орусия, Британия жана Франциядан турат.
Калган 10 мүчө өлкө болсо БУУнун 5 аймактык тобунун ичинен БУУнун Башкы Ассамблеясында шайланат.
Тектеш кабарлар

Гутерриш: «Келгиле, баарыбыз үчүн суу коопсуздугун камсыздай турган келечекке кадам таштайлы»
Гутерриш БУУнун 2023-жылдагы Cуу конференциясынын жабылыш жыйынында сөз сүйлөдү.