Бен-Гвирдин Акса мечитине кирип баруусу Лапиддин сынына кабылды

Лапид Твиттер баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө кечээ эртең менен Израиль полициясынын катуу коргоосу астында Месжид-и Аксага кол салган ашкере оңчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин провокациялык кыймылы тууралуу баа берди.

1927578
Бен-Гвирдин Акса мечитине кирип баруусу Лапиддин сынына кабылды

Израилдин мурдагы премьер-министри Яир Лапид ашкере оңчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин Аль-Акса мечитине рейд жүргүзүүсүн сынга алып: «Бен-Гвир бизди дүйнөнүн жарымы менен бетме-бет турууга алып келди»,-деди.

Лапид Твиттер баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө кечээ эртең менен Израиль полициясынын катуу коргоосу астында Месжид-и Аксага кол салган ашкере оңчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин провокациялык кыймылы тууралуу баа берди.

Лапид: «/.../. Бен-Гвир Храм тоосунда (Месжид-аль-Акса) өткөргөн 13 мүнөттүн ичинде бизди дүйнөнүн жарымы менен бетме-бет турууга алып келди»,-деп жазды.

Бен-Гвирдин Месжид-и Аксага жасаган кысымынын Израилдеги жаңы өкмөт үчүн терс көрүнүштү көрсөткөнүн белгилеген Лапид, премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун «министрлеринин алдында саясий жоопкерчиликсиздик жана алсыздыгы» бар экенине көңүл бурду.

Израиль өкмөтү болсо Бен-Гвирдин Масжид-и Аксага жасаган жортуулу мечиттин абалын өзгөртпөгөнүн жактады.

Премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун басма сөз кызматы Бен-Гвирдин кечээ эртең менен Израиль полициясынын катуу коргоосу астында Месжид-и Аксага жасаган жана чоң реакция жараткан рейд тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө Масжид-и Аксадагы «статус-квонун» өзгөрбөгөндүгү баса белгиленсе, Бен-Гвирдин «чагымчыл демилгесинин» сынга алынбагандыгы көңүлдөрдү бурду.

Бен-Гвир жаңы түзүлгөн өкмөттө министр болгонго чейин Месжид ал-Аксага жасалган рейддер, палестиналыктарга каршы зордук-зомбулукка үндөгөнү жана парламенттин мүчөсү кезинде расисттик риторикасынан улам көп айтылып келген.



Тектеш кабарлар