Европа Биримдиги : "Кытайга Ковид - 19 вакцинасы жана башка бардык жардамдарды берүүгө даярбыз"

Европа Биримдиги Комиссиясынын басма сөз катчысы Тим Макфи Европа Биримдигинин Саламаттыкты сактоо комиссиясынын мүчөсү Стелла Кириакидестин кытайлык кесиптештери менен жолугушуп, колдоо тууралуу билдиргенин айтты.

1927490
Европа Биримдиги : "Кытайга Ковид  - 19 вакцинасы жана башка бардык жардамдарды берүүгө даярбыз"

Европа Биримдиги башкаруусу Ковид  - 19 бейтап саны көбөйгөн Кытайга вакцина менен бирге бардык колдоону берүүгө даяр экендерин билдирди.

Европа Биримдиги Комиссиясынын басма сөз катчысы Тим Макфи Европа Биримдигинин Саламаттыкты сактоо комиссиясынын мүчөсү Стелла Кириакидестин кытайлык кесиптештери менен жолугушуп, колдоо тууралуу билдиргенин айтты.

Колдоонун алкагында Ковид-19га каршы иштелип чыккан вакциналардын да  бар экенин белгилеген Макфи Европа Биримдигинин да эпидемия мезгилиндеги өз тажрыйбасын  бөлүшө аларын айтты.

Европа Биримдигинин жетекчилери ыктымалдуу вакцина колдоосу тууралуу кенен маалымат берүүдөн алыс.

Европа Биримдиги башкаруусу Кытайдан Европа өлкөлөрүнө барган жүргүнчүлөрдөн милдеттүү түрдө тест жыйынтыктарын көрсөтүү сыяктуу чаралар боюнча  бирдиктүү позицияны белгилей  элек.

Европа Биримдигинин жетекчилеринин билдиргенине караганда өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо адистеринен турган бир делегация бүгүн чогулуу менен абалга баа беришет. Эртең дагы кенен жыйын өткөрүлөт.

Европа Биримдигинин басма сөз катчысы Макфи эртеңки жолугушуунун «кризисти башкаруу»,  Кытайдан келген жүргүнчүлөр үчүн мүмкүн болгон чаралар гана эмес, жалпысынан Ковид - 19 эпидемиясына каршы акыркы кырдаалга баа берүү болорун айтты.

Кытайда бейтаптардын ылдам көбөйүшүнөн кийин Италия, Испания, Франция сыяктуу айрым Европа Биримдиги өлкөлөрү Кытайдан келген жүргүнчүлөргө негатив Ковид - 19 тестин көрсөтүү милдеттүүлүгү сыяктуу чараларды көрүшкөн.

Айрым өлкөлөр ар бир өлкөнүн өз чарасын көрүүнүн ордуна позиция белгилеши керектигин жактап жатат.



Тектеш кабарлар