Орус армиясы Киевге кол салууларын улантып жатат

Кличко Telegram баракчасындагы билдирүүсүндө Киевге учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу жасалганын кабарлады.

1926544
Орус армиясы Киевге кол салууларын улантып жатат
kiev.jpg
kiev.jpg

Украинанын борбору Киевдин мэри Виталий Кличко, орус армиясынын шаарга түнү жана эртең менен жасаган чабуулдарынын натыйжасында энергетика инфраструктурасынын жабыркаганын билдирди.

Кличко Telegram баракчасындагы билдирүүсүндө, Киевге учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу жасалганын кабарлады.

Украинанын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан Киев жана анын айланасындагы аймактарда жалпы 40 учкучсуз аппараттын жок кылынганын маалымдаган Кличко: «Коңшу аймактарда 15, Киев облусунда 3 жана борбор калаанын үстүнөн 22 учкучсуз аппарат жок кылынды»,-деди.

«Орусиянын чабуулунан шаардын энергетикалык инфраструктурасы жабыркады»,- деген Кличко кол салуулардан улам шаарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, жылуулук системаларында көйгөйлөр жаралганын айтты.

Кличко ошондой эле 31-декабрда Киевге жасалган ракеталык чабуулда оор жаракат алган бир жарандын бүгүн ооруканада каза болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар