Угандада жаңы жылдык кечеде тепсендиде калган 9 киши каза тапты
Уганданын баш калаасы Кампаладагы "Freedom City" соода борборунун алдында фейерверк атылгандан кийин тыгын болду.
Уганданын баш калаасы Кампаладагы соода борборунда Жаңы жылды майрамдоо учурундагы тыгындан кеминде 9 адам каза болду.
Уганданын баш калаасы Кампаладагы "Freedom City" соода борборунун алдында фейерверк атылгандан кийин тыгын болду.
Окуя болгон жерге көп сандаган полиция жана биринчи жардам топтору жөнөтүлдү.
Бийлик 5 адам окуя болгон жерден, 4 адам жеткирилген ооруканада каза болгонун кабарлады.
Полициянын басма сөз катчысы Люк Овойесигире окуядан кийин жасаган билдирүүсүндө: «Кампаладагы Freedom City соода борборунун сыртында фейерверк атылгандан кийин жөөлөшүү болуп, 5 адам окуя болгон жерде каза болуп, көптөгөн адамдар жаракат алды. Окуя болгон жерге тез жардам топтору келди. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди. Каза болгондордун саны көбөйүп 9га жетти»,-деди.