Япония алыс аралыкка учуучу ракетасын чыгарат

Япон өкмөтү Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программалары жана Кытайдын Тынч океандагы аймактык таасири күчөгөнү себептүү айдын ортосунда коргонуу саясатын өзгөрттү.

1926077
Япония алыс аралыкка учуучу ракетасын чыгарат

Япония  алыс аралыкка учуучу ракеталарды чыгарууну пландоодо.

Япон өкмөтү Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программалары жана Кытайдын Тынч океандагы аймактык таасири күчөгөнү себептүү айдын ортосунда коргонуу саясатын өзгөрттү.

Жаңы коргонуу стратегиясына ылайык, Япониянын душмандын аймагына эффективдүү каршы чабуул жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керектиги белгиленген. Жаңы стратегиянын алкагында 2000 -3 000 километрге жете турган ракеталар чыгарылат.

Жергиликтүү өндүрүш долбоорунун алкагында 2000 километрге жете турган ракетанын 2030-жылдардын башында өзүн-өзү коргоо күчтөрүнө (SDF) кошулушу максат кылынууда.

Түндүк Кореянын бүт аймагына жана Кытайдын айрым жерлерине жете ала турган 3000 километр аралыктагы гиперүндүү ракетанын 2035-жылга чейин өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн инвентаризациясына кириши күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар