Иран Ормуз кысыгында машыгуу баштагандыгын жарыялады

Контр - адмирал Хабибулла Сейяри машыгуунун Каск аймагында өткөрүлөрүн билдирди.

1925936
Иран Ормуз кысыгында машыгуу баштагандыгын жарыялады
iran hurmuz bogazi tatbikat1.jpg
iran hurmuz bogazi tatbikat.jpg

Иран Ормуз кысыгынын чыгышы менен Инд океанынын түндүгүндөгү Каск аймагында аскердик машыгуу баштаганын жарыялады.

Ирандын Тесним маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Иран армиясынын координаторунун орун басары контр - адмирал Хабибулла Сейяри «Зульфикар 1401» деп аталган машыгуунун кечээ кечинде армиянын түрдүү бөлүктөрүнүн катышуусунда башталганын билдирди.

Сейяри машыгуунун Каск аймагында өткөрүлөрүн билдирди.

Машыгуунун армиянын согуштук жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн жылдык календарга кирген практикалык машыгуунун бир бөлүгү экенин белгилеген Сейяри маневрдин аба күчтөрүнүн стратегиялык бомбалоочу учактары жана согуштук учактары тарабынан да колдоого алынаарын белгиледи.

Ирандык командир аба, кургактык жана деңиз күчтөрүнүн катышуусу менен ишке ашкан машыгуунун максаттарынын  арасында «химиялык, микробдук жана   ядролук заттар менен булганган чөйрөлөрдө, электрондук согуш жана жагымсыз аба ырайы шарттарында операцияларды жүргүзүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун» орун алгандыгын белгиледи.

Сейяри Ирандын учкучсуз учуучу аппараттар менен «душман күчтөрүнө каршы маалымат чогултуу жана чалгындоо операциялары» боюнча машыгууларды өткөрөрүн кошумчалады.

Ирандык командир машыгуунун качан аяктаары тууралуу маалымат берген жок.



Тектеш кабарлар