Түрк жараны Абдулкадир Саргын үчүн Ганноверде  жаназа зыйнаты өткөрүлдү

Германияда сөөгү жаңылыштык менен өрттөлгөн түрк жараны Абдулкадир Саргын үчүн Ганноверде  жаназа зыйнаты өткөрүлдү. Саргын үчүн оболу Түрк - Ислам Дин Биримдигинин Ганновер Борбордук мечитинде жаназа намазы окулду.

1925166
Түрк жараны Абдулкадир Саргын үчүн Ганноверде  жаназа зыйнаты өткөрүлдү

Германияда сөөгү жаңылыштык менен өрттөлгөн түрк жараны Абдулкадир Саргын үчүн Ганноверде  жаназа зыйнаты өткөрүлдү. Саргын үчүн оболу Түрк - Ислам Дин Биримдигинин Ганновер Борбордук мечитинде жаназа намазы окулду.

Түркиянын Берлин элчиси Ахмет Башар Шен бул жерде сүйлөгөн сөзүндө үй - бүлөнүн кайгысын тең бөлүшүү үчүн Ганноверге келгенин белгилеп, каза болгон Саргынга Аллахтын ырайымын тиледи. Шен бир кишини жоготуунун канчалык оор экендигин белгилеп : "Мусулман болуп жашаганына сиздер да күбө болдуңуздар. Мунун тышында болгон окуя албетте барыбызды капалантты.",- деди. 

Сөөктүн немис сөөгү менен алмаштырылып өрттөлүшү тууралуу маселеге көңүлөрдү бурган Шен : "Жооптуулардын ким экендигин ортого чыгаруу керек. Кылмыш иши козголушу керек. Мындай окуялардын болбошу, кайталанбашы үчүн керектүү чаралардын көрүлүшүн талап кылдык.  Бул маселени  иликтейбиз",- деди. 

Жаназа намазынан кийин Саргындын күлү тиленүү менен Ганновер Стөккен көрүстөнүнө коюлду.

Немис жаранынын жаназасы менен Саргындын жаназасынын өрттөлүшүнө жооптуу болгон оорукананын жетекчилиги болгон окуяга терең кайгыргандарын белгилеп, үй - бүлөлөрдөн кечирим сурашты.

14 - декабрда MHH ооруканасында каза болгон Абдулкадир Саргындын сөөгү  5 - декабрда каза болгон 81 жаштагы немистин сөөгү менен алмаштырылган.

Немис үй - бүлөсү  сөөктүн крематорийге кремациялоо үчүн алып барууну талап кылган. Бирок Абдулкадир Саргындын сөөгү немис адамдын сөөгүнүн ордуна крематорийге алынып, кремацияланган.

 

Немис үй-бүлөсү  Саргындын күлүн өздөрүнүн жаназасы деп ойлоп, азем менен  көмүштү.

Саргындын сөөгүн алуу үчүн барган жана ислам ыкмалары менен көмүүгө даярданган балдары гасил бөлмөсүндө жуунууну күтүп жаткан сөөктүн атасына таандык эмес экенин аныкташты. 

 

Саргын үй  - бүлөсү мыйзамдуу сот процессин баштатты.

 



Тектеш кабарлар