Польша Украинадан барган бейтаптарды Европа өлкөлөрүнө жөнөтөт

Польшанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Войцех Андрусевич билдирүү жасады.

1925165
Польша Украинадан барган бейтаптарды Европа өлкөлөрүнө жөнөтөт

Орусия-Украина согушу башталгандан бери Украинадан барган жаралууларды жана бейтаптарды кабыл алган Польша, мындан ары дарылоо кызматында башка Европа өлкөлөрүнөн да жардам алынарын билдирди.

Польшанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Войцех Андрусевич, өлкөнүн расмий маалымат агенттиги PAPга жасаган билдирүүсүндө, Украинадан жараланган аскерлер менен оорулуу жарандардын мындан ары Европанын башка өлкөлөрүнө жиберилерин, 14 кишилик биринчи топтун Норвегияга жөнөтүлө турганын айтты.

Бейтаптардын кээ бирлеринин Польшанын ооруканаларына жайгаштырыла турганын белгилеген Андрусевич: «Польша Украинадагы куралдуу активдүүлүктүн күчөшүнөн жана ал жактагы ооруканаларда электр энергиясынын жетишсиздигинен улам украиналык бейтаптарды Европанын башка өлкөлөрүнө ташууну ишке ашырууга даярданып жатат»,-деди.

Андрусевич ошондой эле Польшада дарылангандан кийин фронтко кайтып барган украиналык жоокерлердин көп экенин кошумчалады.



Тектеш кабарлар