Иран 4 Airbus учагын сатып алды

Имопрт тууралуу кенен маалымат берилген жок.

1925289
Иран 4 Airbus учагын сатып алды

Ирандын Студенттер маалымат агенттигинин (ISNA) билдиргенине караганда, Ирандын жарандык авиация уюмунун  төрага орун басары  Хасан Хушу маалымат каражаттарында чыккан кабарлардан кийин учактардын импорттолушун тастыктады.

Хушу билдирүүсүндө : "Францияда чыгарылган Airbus 340 моделиндеги учактар өткөн күндөрдө өлкөгө кеди",- деди. 

Имопрт тууралуу кенен маалымат берилген жок.

Америка Кошмо Штаттары 2018 -  жылдын 8 - майында Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишим деп аталган Биргелешкен комплекстүү иш - аракеттер планы KOEPтин бир тараптуу чыкканын жарыялагандан кийин, АКШнын Каржы министрлигине караштуу  Чет элдик активдерди коргоо боюнча кеңсеси  OFAC KOEP менен жоюлган же өзгөчө деп таанылган бардык санкцияларды кайра киргизүү үчүн чечим чыгарган.

 

Ушул алкакта АКШнын 2018 - жылдын 6 - августунда күчүнө кирген санкциялары жарандык авиация тармагын да камтууда.  Санкциялардан улам Иран жүргүнчү учактары жана учактын тетиктерин импорттой албайт.

Иран Авиакомпаниялары Ассоциациясы Башкармалыгынын төрага орун басары Али Риза Берхор 2021 - жылдын декабрь айында учактардын жарымынан көбү санкциялардан улам оңдоого мүмкүн болбогондуктан уча албай турган абалга келгендигин жарыялаган.

Өлкөдө учактар бузук болгондуктан  каттамдар бат  - бат  токтотулуп, кечигүүлөр болууда. 

 

 



Тектеш кабарлар