Австриядагы лыжа базасында 2 немис каза болду

Туристтердин кышкы эс алуу үчүн Германиядан Австрияга баргандары айтылды.

1925008
Австриядагы лыжа базасында 2 немис каза болду

Австриянын Тироль облусунун Китцбюхель аймагына караштуу Вайдринг шаарындагы лыжа базасында кырсыктаган эки немис турист каза болду.

Полициянын билдирүүсүндө, катуу ылдамдыкта лыжа тээп бара жаткан 17 жаштагы эки немис туристинин тилкенин сыртындагы таштак жерге кулап кеткени кабарланды.

Билдирүүдө, лыжа тилкесинин болжол менен 50 метр ылдыйдагы таштак жерге урунган туристтердин оор жаракат алганы, окуя болгон жерге барган медициналык топтордун кийлигишүүсүнө карабастан куткарыла албаганы белгиленди.

Туристтердин кышкы эс алуу үчүн Германиядан Австрияга баргандары айтылды.



Тектеш кабарлар